SerepTV Logo

Индонезияда жанар тоо атыла башталды (видео)

Индонезияда жанар тоо атыла башталды (видео)
Кечээ, 11-мартта Индонезиянын Ява аралында жайгашкан Мерапи жанар тоосу атыла башталды. Лаванын агымы жанар тоонун кратеринен 1,5 чакырымга созулуп, асманга 7 чакырым бийиктикке чейин түтүн көтөрүлдү. Тургундарга тоого жакын барбоого тыюу салынганын дүйнөлүк басылмалар жазышты. Эвакуация азырынча жарыялана элек. Бирок лаванын агымы 7 чакырымдык аралыктан ашса, анда тургундар башка жакка көчүп башташат. Мерапи - Индонезиядагы эң активдүү жанар тоо. Аны "кыяматтын жанар тоосу" деп да коюшат. Бийиктиги 3 миң метрге чукулдайт. Ал акыркы жолу 2020-жылы атылып, анда 353 киши каза болгон.
info