Индонезияда кеме чөгүп, 6 адам каза болуп, 3 адам изделүүдө (видео)
Индонезиянын Бали аралында кеме чөктү. Андан 6 адам көз жумуп, 3 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Бали издөө-куткаруу агенттигинин башчысы 41 жүргүнчүсү жана 12 кишилик экипажы менен “KMP Yunice” аттуу кеме Чыгыш Ява провинциясындагы Кетапанг портунан жарым саат өткөндөн кийин чөгүп кеткендигин билдирди. Балинин Гилиманук портуна бара жатып чөгүп кеткен паромдон 44 адам куткарылып, 6 адам каза болгон. Учурда 3 адам дайынсыз болуп жаткандыгын жана аларды деңизден издөө кыйынчылык туудуруп жаткандыгын жергиликтүү бийликтен билдиришкен.