SerepTV Logo

Индияда өрттүн кесепетинен 7 адам каза тапты

Индияда өрттүн кесепетинен 7 адам каза тапты
Индиянын Калькутта шаарында өрт кырсыгы учурундагы катуу жарылуудан кеминде 7 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазып чыкты. Маалыматтар боюнча, тилсиз жоо көп кабаттуу имараттын 13-кабатындагы иш кеңсесинде болгон. Жергиликтүү бийлик курман болгондордун арасында 4 өрт өчүрүүчү жана полиция кызматкери, ошондой эле темир жол уюмунун бир кызматкери бар экенин маалымдады. Каза тапкандардын бешөөсүнүн сөөгү 12-кабаттагы лифттен табылган.
"Жети адам каза тапты. Полициянын комиссары дагы экөө дайынсыз жок болушу мүмкүндүгүн билдирди. Мындай каргашалуу окуя өрт учурунда лифтти колдонуудан келип чыккан", -деп билдиришти бийликтен.
Unknown Author