SerepTV Logo

Индияда мейманканада өрт чыгып, 14 адам каза болду

Индияда мейманканада өрт чыгып, 14 адам каза болду

Индиянын Калькутта шаарында Rituraj мейманканасында чыккан өрттөн 14 адам каза болгонун NDTV билдирди.

Өрт кечээ, 29-апрель күнү кечинде шаардын борбордук бөлүгүндө болгон. "14 адамдын жансыз денеси табылып, бир нече адам куткарылды. Окуяны иликтөө үчүн атайын топ түзүлдү", - деди полициянын басма сөз катчысы журналисттерге.

Өрттүн себеби азырынча аныктала элек.

edita