SerepTV Logo

Индияда коронавирустун жаңы мутациясы катталды

Индияда коронавирустун жаңы мутациясы катталды
Индияда коронавирус штаммынын жаңы мутациясы катталды. Бул тууралуу Indiа TV'га шилтеме берүү менен дүйнөлүк басылмалар жазышты. Маалымат боюнча, Индиянын Махараштра штаты коронавирустун "делта плюс" деп аталган жаңы түрүн жуктурган 20 бейтап катталганын билдирген. Оорулуулар Нави-Мумбай, Палгар шаарларында жана Ратнагири портунда аныкталган. Коронавирустун жаңы түрү тарап кетпеши үчүн жергиликтүү бийлик коронавирустун жаңы штаммы аныкталган аймактарда атайын зоналарды түзүп, райондорду жапкан. Учурда Индия коронавируска чалдыккан адамдардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат.
Unknown Author