SerepTV Logo

Индияда коронавирустун эки жолу мутацияланган жаңы штаммы аныкталды

Индияда коронавирустун эки жолу мутацияланган жаңы штаммы аныкталды
Индияда коронавирустун эки жолу мутацияланган жаңы түрү табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. «Индияда коронавирустун ар кандай түрлөрү жана эки жолу мутацияланган жаңы штаммы аныкталганы менен, алар кээ бир штаттарда коронавирус жуктурган адамдардын көбөйүшү менен түздөн-түз байланышы жок», - деп маалымдады Орусиянын «ТАСС» агенттиги. Буга чейин Индияда коронавирустун коркунучтуу делген Түштүк Африкада жана Бразилияда чыккан штаммдары табылгандыгы айтылган эле.
edita