SerepTV Logo

Индияда коронавирус жуктургандардын саны 29 миллионго жетти

Индияда коронавирус жуктургандардын саны 29 миллионго жетти
Пандемия башталгандан тарта Индияда вирус жуктуруп алгандардын саны 29 миллионго жетти. Оору жаңы башталган учурда 2 ай ичинде ооругандардын саны 100 миңге жеткен эмес. Бул тууралуу Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымат таратышты. Министрликтин акыркы маалыматтары боюнча, жалпы вирус жуктургандардын саны 28 миллион 990 миң кишини түзөт. Алардын ичинен 27,3 миллион бейтап бул илдеттен айыгып чыккан. Коронавирустан 351 миң адам каза болсо, азыркы учурда 1,3 миллион бейтап дарыланууда. Ошондой эле коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн адамдардын саны бара-бара көбөйүүдө. Учурда калктын 17 пайыздан ашууну, тактап айтканда 235 миллиондон көбү эмдөөдөн өттү. Анын ичинен вакцинанын экинчи дозасын алгандар 46,5 миллондон ашкан.
Unknown Author