SerepTV Logo

Индияда "кара көк" оорусун жуктургандардын саны 40 миңден ашып, 3 миңге жакын бейтап көз жумду

Индияда "кара көк" оорусун жуктургандардын саны 40 миңден ашып, 3 миңге жакын бейтап көз жумду

Индиялык дарыгерлер "кара көк" оорусун 40,8 миң адамдан аныкташты, 3 миңден ашуун адам каза болду. Бул тууралуу Индиянын саламаттыкты сактоо министри Харш Вардханга шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты. "Грибоктук инфекциянын кесепетинен каза болгондордун саны 3 миң 129 адамды түздү, ал эми жалпы 40 миң 845 адамдан оору аныкталды, анын ичинен 31 миң 344 адамдын мурду жана мээнин бөлүктөрү жабыркады", - деди ал маалымат жыйын учурунда.

Ошол эле учурда, грибок табылган бейтаптардын 32 пайызы 18-45 жаш курактык топко, 42 пайызы 45-60 жаштагы топко жана 24 пайызы 60 жаштан жогорку категорияга кирет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы бейтаптардын 64 пайызында кант диабети аныкталып, 53 пайызы стероид ичип жаткандыгын белгиледи. Ал аталган илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү Махараштра, Керала, Тамилнад, Батыш Бенгалия жана Одиша штаттарында кездешип жаткандыгын, бул штаттарда коронавирус менен ооругандардын өсүү темпи жогору экендигин белгиледи.

Мукормикоз же "кара көк" ("черная плесень") - грибоктук инфекциядан улам пайда болгон оорунун өтүшүп кетиши. Оору айлана-чөйрөдөгү грибоктук тешикчелер менен байланышта болгондордо же грибок кесилген, күйүп калган териге киргенден кийин пайда болушу мүмкүн. Бул оору кант диабети менен ооругандарга, коронавируска чалдыккандарга эң чоң коркунуч келтирет.

edita