SerepTV Logo

Индияда бир өлүмдөн калган кызды маймылдар башына таш ыргытып өлтүрүшкөн

Индияда бир өлүмдөн калган кызды маймылдар башына таш ыргытып өлтүрүшкөн

Индиянын Талангана штатында маймылдар үч жашар кыздын башына таш ыргытып өлтүрүшкөнүн Daily Mail басылмасы жазды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, үч жаштагы Девунури Абхинав чатырдын астында ойноп жаткан кезде бир топ маймылдар анын башына таш ыргытышкан. Кызды сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Алты ай мурун Девунури бычакка кекиртеги менен жыгылып бир өлүмдөн калган. Кызынын өмүрүн сактап калуу үчүн ата-энеси операцияга алты миң долларды араң чогулткан. Кыз узакка созулган реабилитациядан өтүп, жакында гана алган жараатынан толук айыгып чыккан. 

edita