SerepTV Logo

Индия COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны боюнча жаңы антирекорд жаратты

Индия COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны боюнча жаңы антирекорд жаратты
Индияда акыркы сутка ичинде 3780 адам коронавирустан каза тапты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Аталган илдеттен каза болгондордун жалпы саны 226 миң 188 адамга жетти. Ошондой эле, ооруну жаңы жуктуруп алгандар да өсө баштаганы айтылууда. Акыркы суткада 382 миң 300дөн ашуун кишиден вирустун жаңы учуру аныкталган. Ооруну жуктургандардын саны эки жумадан бери 300 миңдик көрсөткүчтөн түшпөй келүүдө. Белгилей кетсек, Индияда вакцинация Орусиянын “Спутник V” вакцинасы менен башталганын маалымдашкан.
Unknown Author