SerepTV Logo

Имамдардын дүйнөлүк кеңеши мусулмандарга Кытайда өтө турган Олимпиада оюндарына барууга тыюу салды

Имамдардын дүйнөлүк кеңеши мусулмандарга Кытайда өтө турган Олимпиада оюндарына барууга тыюу салды
Имамдардын дүйнөлүк кеңеши уйгурларга карата эзүү саясатын жүргүзгөнүнөн улам мусулмандарга Пекин шаарында 2022-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына барууга тыюу салды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты. "Имамдардын дүйнөлүк кеңеши - мусулман дүйнөсүндөгү биринчи жана ири улуттар аралык бейөкмөттүк уюм. Биз куугунтукка алынган мусулмандарды колдойбуз. Кытай өкмөтү кытай мусулмандарынын укуктарын бузуп, эзүү саясаты, кыйноо жана диктатура аркылуу адам укуктарын тепселеп келет. Имамдардын дүйнөлүк кеңеши Пекин-2022 оюндарына катышууга тыюу салат деп токтом кылат", - деп жазылат билдирүүдө. Буга чейин Кытайдын Пекин шаарында 4-20-февраль күндөрү өтө турган Олимпиада оюндарына АКШ, Канада, Улуу Британия дипломатиялык бойкот жарыялаган болчу.
edita