SerepTV Logo

Йеменде акчалай жардам таратуу иш-чарасында 80ге чукул адам көз жумду

Йеменде акчалай жардам таратуу иш-чарасында 80ге чукул адам көз жумду
Йемендин Сана шаарында 19-апрелге караган түнү финансылык жардам таратуу иш-чарасында болгон тыгында кеминде 78 киши каза таап, ондогон адамдар жарадар болду. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.  Ондогон жабырлануучулар жакынкы ооруканаларга жеткирилген. Алардын арасында кеминде 13ү оор жаракат алганын саламаттыкты сактоо боюнча жогорку даражалуу кызматкер Мотахер аль-Маруни билдирди.  Маалыматка караганда, окуя Сана шаарында ишкерлер уюштурган иш-чарага жүздөгөн адамдар чогулуп жаткан маалда болгон. Ички иштер министрлиги эки уюштуруучу кармалганын билдирди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
edita