SerepTV Logo

Хеопс пирамидасында 4500 жылдан бери эч ким көрбөгөн жашыруун бөлмө табылды

Хеопс пирамидасында 4500 жылдан бери эч ким көрбөгөн жашыруун бөлмө табылды

Окумуштуулардын эл аралык тобунун курамында иштеген мюнхендик изилдөөчүлөр Хеопс пирамидасынын ичинде жашыруун бөлмө бар экенин тастыкташты. Бул тууралуу Мюнхен техникалык университетинин сайтында жарыяланды. 

Радар жана эндоскоптун жардамы менен илимпоздор 2016-жылдан бери бар экендиги шектелип келген чоң көңдөй чындыгында бар экенин далилдей алышты. Ал пирамиданын кире беришинин үстүндө жайгашкан жана коомчулук үчүн жабык болгон. Бул табылга өзгөчө деп эсептелет, анткени дүйнөнүн жети кереметинин бири катары Хеопс пирамидасы көп жылдар бою кылдат изилденген. Жашыруун бөлмөнүн бар экендиги тууралуу божомолдор 2016-жылы жапон жана француз эксперттери тарабынан жүргүзүлгөн бир нече өлчөөлөрдүн негизинде пайда болгон. Азыр табылга визуализацияланды. Бөлмө окумуштуулар ойлогондон да чоң болуп чыкты. Ичинде адамдын иш-аракетине эч кандай далил табылган эмес. Окумуштуулардын тобу бул бөлмөнү 4500 жылдан бери эч ким көргөн эмес деп болжолдошууда. Бул камера эмне үчүн колдонулганын кийинки изилдөөлөр көрсөтөт.

edita