SerepTV Logo

Ханзаадалар Уильям менен Гарри ханбийке Диананын айкелин ачышты (сүрөт)

Ханзаадалар Уильям менен Гарри ханбийке Диананын айкелин ачышты (сүрөт)
Ханзаадалар Уильям жана Гарри Лондондо ханбийке Диананын айкелин ачышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты. Ханзаадалар Лондондун батышындагы Кенсингтон бакчасында ханбийкенин 60 жылдык мааракесинин урматына айкелин ачышты. «Апабыз 60 жашка чыкмак, биз анын сүйүүсүн, күчүн жана өзгөчө мүнөзүн - аны бүткүл дүйнө жүзү боюнча жакшылыкка түрткү берген сапаттарын эстеп, сансыз жашоону жакшы жакка өзгөртө алдык. Күн сайын биз анын дагы деле болсо арабызда болушун каалайбыз жана бул айкел түбөлүккө анын жашоосунун жана анын мурастарынын символу болуп кала берет деп үмүттөнөбүз», - деп айтылат ханбийкенин уулдарынын биргелешкен билдирүүсүндө. Ошондой эле, бир туугандар эстеликтин скульпторлоруна жана демөөрчүлөрүнө ыраазычылык билдиришти. Ханбийке Диана 1961-жылы 1-июлда туулган. 1997-жылы 31-августка караган түнү Парижде жол кырсыгынан каза болгон. Ал 36 жашта болчу. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="61273,61272,61274,61262,61259"]  
edita