Гонконгдо 42 кабаттуу асман тиреген имарат өрттөндү (видео, сүрөт)
Гонконгдун Чимсачёй туристтик аймагында курулуп жаткан 42 кабаттуу асман тиреген имарат өрттөнүп кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттөн эки адам жабыркап, алар ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу South China Morning Post жазды.
Басылманын маалыматына караганда, өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:10до башталып, жалын жыгач устундарды каптаган. Бир нече убакыттан кийин өрт 26 Nathan Road соода комплексине өткөн өрт өчүрүүчүлөр аны тез арада өчүрө алышкан.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="166934,166935,166936"]