SerepTV Logo

Германияда карантин чараларын кайрадан узартуу пландалууда

Германияда карантин чараларын кайрадан узартуу пландалууда

Германияда карантин чараларын кайрадан узартуу пландалууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, аталган өлкөдө карантин чараларын 18-апрелге чейин узартуу пландалууда.

"Акыркы сутка ичинде Германияда 13 миң 733 адам COVID-19 илдетине кабылса, 99 бейтап каза болду. Германияда учурда аталган илдет бат таралганы байкалууда. Ошондуктан карантин чараларын 18-апрелге чейин узартуу маселеси каралууда. Пандемия башталгандан бери аталган өлкөдө 2 миллион 659 миң 516 бейтап коронавирус илдетин жуктуруп алса, анын ичинен, тилекке каршы, 74 миң 664ү каза болгон", - деп жазылат басылманын маалыматында. 

Unknown Author