Германия коронавирустан улам коменданттык саат киргизет
Германияда 300дөн ашык шаарда жана округдарда карантиндик чаралар күчөтүлүп, саат 22:00дөн тарта коменданттык саат күчүнө кирет. Бул чара 21-апрелде эле кабыл алынган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Алардын маалыматына караганда, катаал чаралар жок дегенде июндун аягына чейин сакталат. Берлин бул убакка чейин эмдөө жүргүзүүнүн аркасы менен абалды көзөмөлгө алууга болоруна ишеним артып жатат.