SerepTV Logo

Гавайидеги өрт 36 адамдын өмүрүн алып, Лахайна шаарын кыйратты

Гавайидеги өрт 36 адамдын өмүрүн алып, Лахайна шаарын кыйратты
Гавайи аралдарындагы ири масштабдагы өрт кеминде 36 адамдын өмүрүн алып, Мауи аралындагы популярдуу туристтик Лахайна шаарынын көп бөлүгүн кыйратканын CNN бүгүн, 10-августта билдирди.

Гавайи губернатору Жош Гриндин айтымында, жүздөгөн үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Мауиден 11 миңден ашык адам, анын ичинде туристтер эвакуацияланды, дагы 1,5 миң киши чыгарылары күтүлүүдө. Аэропортко барчу жолдогу негизги трассанын жабылып калганы кырдаалды татаалдаткан, бирок азыр жолдор ачык.

edita