SerepTV Logo

Ганалык ишкер 11 жаштагы кызын байлык үчүн курмандыкка чалган

Ганалык ишкер 11 жаштагы кызын байлык үчүн курмандыкка чалган
Ганалык жеке ишкер байлык алып келсин деген максатта 11 жашар кызын курмандыкка чалууга берген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Гананын Чоң-Аккра облусунун 42 жаштагы жеке ишкери Эванс Оппонг байлык алып келчү ырым-жырым кылам деп чиркөө кызматкерине 11 жаштагы кызын курмандыкка чалууга алып келген. Чиркөө кызматкери анын жоругун туура көрбөй полиция кызматкерлерин чакырган. Кызматкерлер байлыгын кызынан бийик көргөн атаны кармап, ага карата кылмыш ишин козгошкон.
info