SerepTV Logo

Гаитиде кулаган учактагы адамдар набыт болушту

Гаитиде кулаган учактагы адамдар набыт болушту
Гаитинин борбору Порт-о-Пренстин түштүк-батышында чакан учак кулап, алты адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Маалыматтарга караганда, эки моторлуу учак Жакмель шаарына учуп бара жатып кулаган. Анын ичинде 6 адам болгон жана анын баары бул кырсыктын курмандыгы болушту. Учактын кулашынын себептери азырынча белгисиз, кырсык боюнча тергөө иштери башталууда деп жазылган маалыматта. Учак Гаитинин мурдагы депутатына таандык экендиги айтылууда.
Unknown Author