Франциянын президентин жаакка чапкан адам 4 айга камакка алынды
Франциянын президенти Эммануэль Макронду жаакка чапкан жаран 4 айга камакка алынды. 28 жаштагы Дамьян Тарел сотто бул кылган иши үчүн өкүнбөй турганын айткан. Бул тууралуу BFM TV жазып чыкты.
Бул өлкөдө кызмат адамына кол салуу беренесиндеги жогорку жаза катары 3 жылга эркинен ажыратуу каралган. Мамлекеттик айыптоочу шектүүнү 18 айга эркинен ажыратууну суранган. Жыйынтыгында соттун чечими менен 4 айга камакка алынды. Ал эми президент бул окуяга көңүл бурбоого чакырып, айыпталуучуга кошумча айып тагуудан баш тарткан.
Буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон эл менен учурашып жатканда аны белгисиз адам жаакка чапкан. Өлкө башчысы эл менен учурашып жаткан учурда бетине сокку жеген. Жан сакчылар президентти четке алып кетип, аны жаакка чапкан адамды дароо кармашкан. Франциянын басылмалары жазгандай, окуядан кийин полиция 2 адамды кармаган.