SerepTV Logo

Франциянын мурдагы президенти бир жылга эркинен ажыратылды

Франциянын мурдагы президенти бир жылга эркинен ажыратылды
Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозини 2012-жылдагы шайлоо өнөктүгүнө ашыкча каражат сарптагандыгы үчүн бир жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыкты. Бул тууралуу BFM.TV билдирди. Ал абакка камалбайт, бирок электрондук билерик тагынууга милдеттүү болот. Өкүм Саркози жок чыгарылды, анткени ал акыркы жыйынга катышкан эмес. Сот Саркози мыйзамдагы чыгымдардын чегинен ашып кеткенине карабай, үгүт иштерин уланта берди деп эсептейт. Ал шайлоо өнүктүгүнө мыйзамда каралган 22 миллион евронун ордуна 42 миллиондон ашык евро сарптаган.
edita