SerepTV Logo

Франциянын учурдагы президенти Эммануэль Макрон президенттик шайлоодо жеңишке жетти

Франциянын учурдагы президенти Эммануэль Макрон президенттик шайлоодо жеңишке жетти

Франциянын азыркы президенти Эммануэль Макрон президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Добуштар 100 пайыз саналды. Анда Макрон 58,55 пайыз добуш алган болсо, анын атаандашы Марин Ле Пен 41,45 пайыз добуш алган. Марин Ле Пен жеңилгенин моюнга алып, ошол эле учурда шайлоонун жыйынтыгын ийгиликтүү деп атоо менен күрөштү уланта турганын билдирди. "Мен эч нерсеге өкүнбөйм. Бул жеңилүү мени үмүттөндүрүүдөн токтотпойт", - деди Ле Пен.

Франциянын Конституциялык сотунун төрагасы президенттик шайлоонун жыйынтыгын 27-апрелде расмий түрдө жарыялайт.

edita