SerepTV Logo

Францияда коронавирустан каза тапкандар көбөйүүдө

Францияда коронавирустан каза тапкандар көбөйүүдө
Франциянын Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалымат боюнча, аталган өлкөдө акыркы суткада COVID-19 илдетинен 333 адам каза тапкан. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 90 миң 762 адамды түздү. Франция боюнча инфекция жугузуп алгандардын жалпы саны 4 млн 78 миң 133 адамга жетти. Мунун ичинен 3 млн 713 миң 600 адам ооруну жеңген. Өлкөнүн ооруканаларында учурда 25 миң 469 бейтап дарыланууда. Алардын ичинде 4 миң 219у жандандыруу бөлүмүндө. Дүйнөлүк статистикада Франция COVID-19 инфекциясын жугузгандар боюнча 6-орунда, ал эми каза табуулар боюнча 8-орунда турат. Франция бийлиги коронавирус инфекциясынын кескин көбөйгөнүнө байланыштуу жаңы чечимдер чыгарын билдирди.
Unknown Author