Forbes Орусия байларынын рейтингин жарыялады. «ТОП-10до» Дуров бар
Forbes бизнес-экономикалык журналы Орусиядагы байлардын рейтингин жарыялады. Ага ылайык, Орусия байларынын ондук рейтингинде Алишер Усманов 7-орунду ээледи. Анын байлыгы 18,5 миллиард доллар деп эсептелген.
Тогузунчу орунда Telegram социалдык тармагынын негиздөөчүсү Павел Дуров турат. Дүйнөдөгү IT-ишкерлеринин бири болгон Дуровдун байлыгы 17,2 миллиард долларды түзөт.
Белгиленгендей, «Северстали» металлургиялык компаниясынын ээси Алексей Мордашов Орусиянын эң бай адамы деп эсептелинди. Анын кирешеси 29,1 миллиард долларга бааланган. Бир жыл мурун эле ал 16,8 миллиард доллар каржылык абалы менен тизмеде төртүнчү орунду ээлеген. Экинчи жана үчүнчү орун дагы металлургдарга тийген — «Норильский никель» компаниясынын тең ээси Владимир Потанин ($27 миллиард) менен Владимир Лисин ($26,2 миллиард).
2021-жылга карата Орусиянын эң бай адамдардын ТОП-10 рейтинги төмөнкүчө: