SerepTV Logo

Филиппинде аскердик учак кулап, кеминде 45 адам набыт болду (сүрөт)

Филиппинде аскердик учак кулап, кеминде 45 адам набыт болду (сүрөт)

Кечээ, 4-июлда "Геркулес" C-130 аскердик учагы Филиппиндин түштүгүндө кырсыкка учурап, өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу Би-Би-Си жазып чыкты. Учакта 92 адам болгон, алардын 45и көз жумду. Аман калгандары жакынкы аскердик ооруканага жеткирилген. 

Филлиппиндин коргоо министрлигинин берген маалыматына караганда, каза болгондордун арасынан 42си учактын бортунда көз жумган, ал эми экөө жерде каза болгон. Кырсык болгон жерде куткаруу иштери уланып жатат. Бортто Минданао аралынын түштүгүндөгү Кагаян-де-бро шаарынан келе жаткан аскерлер болгон. Учактагы жоокерлердин көпчүлүгү жаңы гана аскерге чакырылып, алгачкы аскердик билим алып жатышкан. "Учак учуп-конуу тилкесинен чыгып кетти, учкучтар көзөмөлдү калыбына келтирүүгө аракет кылышты, бирок жетише алышкан жок", - деди журналисттерге Филиппин куралдуу күчтөрүнүн башкаруучусу генерал Сирилито Собежана.

edita