Европа коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын жарыялады
Коронавирустун үчүнчү толкуну Европанын бир катар өлкөлөрүн каптады. Тактап айтканда, Австриянын Саламаттыкты сактоо министри Рудольф Аншобер үчүнчү толкун башталганын жарыялады. Франция, Германия жана Италияда дагы кырдаал начарлап баратат. Бул тууралуу "The Guardian" басылмасы жазып чыкты.
Европада коронавирустук оорулардын күн сайын көбөйүшү февраль айынын башынан бери рекорддук деңгээлге жетти. Айрым өлкөлөрдө кайрадан чектөөлөр, коменданттык саат режими жарыяланды. Дүйшөмбү күндөн тарта Италиянын бир бөлүгүнө коронавирустун үчүнчү толкунун алдын-алуу үчүн карантиндик эрежелер киргизилген. Ооруканалар жаңы толкунуна туруштук бере албай калган. Он чакты облустарда мектептер менен дүкөндөр жабылды. Тамактануучу жайлар тамакты алып кетүү гана кызматын көрсөтүп жатат.
Ал эми Франциянын саламаттыкты сактоо министринин айтымында, ар бир 12 мүнөт сайын бир жаран жандандыруу бөлүмүнө түшүп жатат.