Евро-2024. Мадрид чемпиондорун кантип тосуп алды? (сүрөт)
Мадридде миңдеген күйөрмандар Евро-2024 чемпионун тосуп алуу үчүн чыгышты. Испаниянын футбол боюнча курама командасы өлкөгө жеңиш менен кайтып барды.
Жекшемби күнү Берлинде өткөн финалда Испания Англияны 2:1 эсебинде утуп, Европанын рекорддук төртүнчү таажысына ээ болду. Оюнчуларга Испаниянын королу Филипп VI жана анын үй-бүлөсү менен сый тамак берилди. Күйөрмандар Испаниянын үстү ачык автобустарынын парады учурунда көчөлөргө тизилип, спортчуларды жана кубокту көрүүнү күтүп турушту.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="246113,246114,246115,246116,246117,246118"]