SerepTV Logo

Эквадордо куралчан адамдар түз эфирде телеканалды басып алышты

Эквадордо куралчан адамдар түз эфирде телеканалды басып алышты
Эквадордун Гуаякиль шаарында куралчан адамдар TC Television телеканалынын тартуу аянтчасына түз эфирде бастырып киришип, алып баруучуларды жана конокторду туткунга алышты. Бул тууралуу Reuters жазды. Өлкөнүн президенти Даниэль Нобоа түрмөдөн «Лос Чонерос» бандасынын таасирдүү лидери Адольфо Масиас 7-январда качып, төрт полиция кызматкерин кошо уурдап, жардыруулардын сериясынан кийин өзгөчө абал режими менен коменданттык саат киргизгенин жарыялады. Соңку маалыматтарга караганда, бандиттер полициялык бөлүмдөрдү, мектеп, университет, атүгүл метрону да басып алып, адамдарды уурдап качып, барымтага алышууда. Көчөлөрдө ок атышуу токтой элек.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="222738,222741,222739,222740"]
info