SerepTV Logo

Экоактивист 1 ай бою өзүнөн чыккан 30 килограмм калдыкты ыргытпай костюмга салып жүргөн

Экоактивист 1 ай бою өзүнөн чыккан 30 килограмм калдыкты ыргытпай костюмга салып жүргөн
Америкалык экоактивист Роб Гринфилд адамзатынын экологияга тийгизип жаткан таасирин көрсөтүү үчүн атайын эксперимент жасаган. Ал бир ай бою Лос-Анжелестин көчөлөрүндө атайын тигилген костюм кийип, турмуш-тиричиликте колдонгон калдыктарды салып жүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Роб аталган долбоорун 20-апрелде баштаган. "Көпчүлүк урнага акыр-чикирлерди ыргыткандан кийин таштанды маселесин унутат. Мен ошол маселеге коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында иш-чараны баштадым", - деп билдирген экоактивист. "Болжол менен бир адам күнүнө 2 килограммдай таштанды чыгарат. Эми элестетип көрүңүздөр, 1 жыл, 10 жыл, өмүр бою ыргытылган калдыктарды... Мен коомчулукка адамзатынан канчалык көп калдыктар чыгарын визуалдуу түрдө көрсөтүү үчүн экспериментти жасадым", - деген ал. Айдын аягында Робдун костюму кофе ичкен стакан, бош бөтөлкө, банка, фантиктерге толгон. Мусордун жалпы салмага 30 килограмм болгон. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="112952,112954,112956"]
info