SerepTV Logo

Казакстандын Экибастуз шаары 30 градус суукта жылуулуксуз калды

Казакстандын Экибастуз шаары 30 градус суукта жылуулуксуз калды

ЖЭБдеги от казандардын иштен чыгышына байланыштуу 30 градус суукта Казакстандагы Экибастуз шаары жылуулуксуз калды. Бул тууралуу КазТАГ жазды. 

«27-ноябрь күнү саат 1:20да ЖЭБдин №11 от казанында өчүрүү болгон. Саат 1:30да №13, 14, 15 от казандары тармактык сууну көп сарптагандыктан токтоп калган. Учурда №8 жана №14 от казан агрегаттары ишке киргизилүүдө. Ремонттук бригадалар уюштурулган. Жакынкы аралыкта параметрлер калыбына келтирилет», - деп билдириштии «Экибастуз жылуулук» ишканасынан. 

Учурда аталган аймакта суук 30 градустан ашып жатат.

edita