SerepTV Logo

"Эгиз балдары аман калган". Орусиядагы өрттөн ата-эне 5 баласы менен каза болду

"Эгиз балдары аман калган". Орусиядагы өрттөн ата-эне 5 баласы менен каза болду
Орусиядагы үйдөн өрт чыгып, 7 киши каза болду. Алардын бешөө балдар. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазды. Маалыматка караганда, кырсык Стерлитамак шаарында түн ичинде болгон. Куткаруучулар 7 адамдын сөөгүн алып чыгышкан. Эгиз балдар аман калган. Кырсык боюнча кылмыш иши козголду.  Каза болгондордун тизмеси да жарыяланды: 1. Николай Артиков, 2001-жылы туулган. 2. Иван Лукьянов, 2009-жылы туулган, багып алган баласы; 3. Руслан Артиков, 2012-жылы туулган, багып алган баласы; 4. Яна Лукьянова, 2016-жылы туулган, багып алган кызы; 5. аты-жөнү такталууда. Ата-энеси: 1. Мурат Артиков, 1976-жылы туулган. 2. Нина Лукьянова, 1977-жылы туулган.
edita