SerepTV Logo

Египеттеги пирамиданын чокусуна чыгып алган ит кайра өзү түштү

Египеттеги пирамиданын чокусуна чыгып алган ит кайра өзү түштү
Египеттеги бийиктиги 139 метрге жеткен Хеопс пирамидасынын чокусуна ит чыгып алган. Аны парапланерист Алекс Лэнг видеого тартып алып, соцтармакта жарыялаган учурда колдонуучулардын кызыгуусун жараткан. Кийин парапланерист кесиптеши менен пирамидага келип, муктаждык болсо, итти түшүрүүгө жардам бермек болушкан. Бирок чокудан итти табышкан эмес. Кийин пирамиданын чокусунан иттин өзү түшкөнү белгилүү болгон.
info