SerepTV Logo

Египетте биринчи жолу фараондун мүрзөсү табылды

Египетте биринчи жолу фараондун мүрзөсү табылды
Египетте фараондун күмбөзү 103 жылдан бери биринчи жолу табылды. Тутмос IIнин сөөгү Луксордун жанынан табылганын Reuters жазды. Египетте фараондун мүрзөсү акыркы жолу 1922-жылы ачылган. Анда изилдөөчүлөр Тутанхамондун сөөгү коюлган жерди табышкан. Археологдор жаңы мүрзөнү фараондун жана анын жубайы Хатшепсуттун ысымдары жазылган алебастр идиштеринен аныкташкан. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, мүрзө Тутмос IIнин өлүмүнөн көп өтпөй болгон суу ташкынынан катуу жабыркаган. Анын мумиясы 1881-жылы табылган, бирок фараондун сөөгү ушул убакка чейин белгилүү болгон эмес.