Дүйнөдөгү эң чоң жанар тоо 40 жылдан бери биринчи жолу атылып баштады (видео)
"40 жылдан бери биринчи жолу Гавайи аралдарында дүйнөдөгү эң чоң активдүү жанар тоо болгон Мауна-Лоа атыла баштады" деп жазат Би-Би-Си.
"Лава кальдеранын четтеринен чыга элек жана тоонун этегинде жашаган элге коркунуч келтирбейт", - дешет жергиликтүү бийлик өкүлдөрү. Бирок АКШнын Геологиялык кызматы кырдаал абдан тез өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертет. Атылуу 27-ноябрга караган түнү жанар тоонун чокусу Мокуавеоведо башталган. Буга чейин бир нече жолу жанар атылып чыгышы мүмкүн деген эскертүүлөр болгон.
1843-жылы биринчи атылып чыккандан бери, геологиялык кызматтын маалыматы боюнча, Мауна Лоа дагы 33 жолу атылган. Буга чейин жанар тоо 1984-жылы атылып, анын агымы аралдагы эң чоң шаар Хилого 8 чакырым жеткен эмес. Бул активдүүлүктөн улам Мауна Лоа дүйнөдөгү эң чоң активдүү вулкан болуп эсептелет.
https://youtu.be/1qmUy2lZU6M