112 жаштагы венесуэлалык абышка дүйнөдөгү эң узак жашаган адам болду
Гиннесс рекорддор китеби 112 жаштагы Венесуэланын тургуну Хуана Винсенте Мораны дүйнөдөгү эң узак жашаган адам деп баалады. Ал бул статусту 113 жашка чыгардын алдында алган.
Мора 1909-жылы 27-майда төрөлгөн. Көп жылдар бою фермер болуп иштеп, акыркы жер үлүшүн 104 жашында гана саткан. 25 жашында үйлөнүп, жубайы 1997-жылы көз жумган. Анын 11 баласы, 41 небереси, 18 чебере жана 12 кыбырасы бар.
Узак жашаган Мора ар бир күнүн кофеден баштап, үй-бүлөсү менен тамактануу салтын да бузбай келет. Ал жашоосунда үйрөнгөн эң маанилүү нерсе катары Кудайды сүйүү, үй-бүлөнү сүйүү жана эртең менен эрте туруп, жумушка барып жатканына ыраазычылык билдире алганын айтат.