SerepTV Logo

ДССУ: "Омикрон башка штаммдарга караганда тез жайылат"

ДССУ: "Омикрон башка штаммдарга караганда тез жайылат"

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму жаңы омикрон коронавирус штаммы башка варианттарга караганда тез жайылып жатканын расмий жарыялады. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесустун айтымында, омикрон эмделген адамдарга да жугат. "Омикрондун дельтага караганда тез жайылышынын күчтүү далилдери бар жана эмдөөдөн өткөн же COVID-19дан айыгып кеткен адамдар кайра жуктуруп алышы мүмкүн", - деди ал.

Ал маалымат жыйында жарандарга кайрылып, келе жаткан майрамдардан баш тартуу керектигин айтты. «Биз баарыбыз бул пандемиядан чарчадык. Баарыбыз досторубуз жана үй-бүлөбүз менен убакыт өткөрүүнү каалайбыз. Кадимки жашоого кайткыбыз келет. Баарыбыз үчүн, лидерлер жана жеке адамдар үчүн муну жасоонун эң тез жолу - бул өзүбүздү жана башкаларды коргоо үчүн катаал чечимдерди кабыл алуу. Азыр майрамдап, кийин кайгыргандан көрө, азыр анын баарынан баш тартып, кийин майрамдаган жакшы", - деди ал. 

edita