ДССУ Кытайдын экинчи вакцинасын каттоодон өткөрдү
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кечээ, 1-майда Кытайда чыгарылган "Sinovac" вакцинасын чукул кырдаалда колдонууга болорун билдирди. Бул тууралуу Интерфакс жазып чыкты.
"ДССУ бүгүн "Sinovac" вакцинасын чукул кырдаалда колдонууну сунуш кылды. Синовак - жөнөкөй сактоо шарттарын талап кылган, активдешпеген вакцина. ДССУнун эксперттик тобу вакцинаны COVAX программасында колдонууга мүмкүндүк берген изилдөөнү аяктады", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин ДССУ май айынын башында Кытайдын "Синофарм" вакцинасын каттоодон өткөргөн болчу.