SerepTV Logo

ДССУ: "Дүйнөдөгү ар бир жүзүнчү өлүмдүн себеби - суицид"

ДССУ: "Дүйнөдөгү ар бир жүзүнчү өлүмдүн себеби - суицид"

Дүйнөдө 20 жылдын ичинде суициддердин саны 36 пайызга азайган, бирок өз өмүрүн кыюу дүйнөдөгү өлүмдүн негизги себептеринин бири бойдон калууда. Бул тууралуу "БУУнун жаңылыктары" басылмасы жазып чыкты. Маалыматка караганда, жыл сайын ВИЧ, безгек жана эмчек рагына караганда суицидден көп адамдар каза болушат. Өзүн-өзү өлтүрүү согуштардан жана киши өлтүрүүлөрдөн да көп адамдын өмүрүн алат. ДССУнун маалыматы боюнча, 2019-жылы 700 миң адам өз өмүрүнө кол салган. Дүйнөдөгү ар бир жүзүнчү өлүм - бул суициддин кесепети. 

Бүгүнкү күндө 38 мамлекетте гана суицид менен күрөшүүнүн улуттук стратегиясы бар.

ДССУ суициддердин саны ар кандай курактык топтордо, өлкөлөрдө жана аймактарда ар кандай болушу мүмкүн экендигин эскертет. Суициддердин 79 пайызы төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөрдө катталган. Эң көп суицид Африкада катталса, эң азы Чыгыш Жер Ортолук деңизинде катталган. Көбүнчө 15 жаштан 29 жашка чейинки адамдар өз жанын кыйышат. Суицид өспүрүмдөр менен жаштардын өлүмүнүн төртүнчү себеби. Андыктан, өспүрүмдүн эмоционалдык абалын көзөмөлдөп, ага керектүү колдоо көрсөтүү маанилүү.

Ата-энелер жана мугалимдер менен сырдашуулар, мектептеги бейбаштыктан жана Интернеттен коргоо, психологдордун кесипкөй кеңештери - ушунун бардыгы суициддин алдын алууга жардам берет.

ДССУнун маалыматы боюнча, өз жанын кыюуга пестициддерди колдонушат. Өз жанын кыюуну чечкендердин 20 пайызы зыянкечтерге каршы күрөшүү үчүн айыл чарбасында көп колдонулган уулуу заттарды ичишет. Методдордун арасында экинчи орунда - асынып алуу, үчүнчүдө - ок атуучу курал менен өзүн-өзү өлтүрүү.

edita