SerepTV Logo

ДССУ аялдарга спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салууну сунуштады

ДССУ аялдарга спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салууну сунуштады

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аялдарга алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө тыюу салууну сунуш кылды. Бул тууралуу РИА Новости 2022-2030-жылдарга алкоголго каршы күрөшүү боюнча глобалдык иш-аракеттер планынын долбооруна шилтеме берүү менен билдирди.

Документке ылайык, өлкөлөр алкоголдук ичимдиктердин зыяндуулугу жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатышы керек, бирок балдарга, кош бойлуу аялдарга жана төрөт курагындагы аялдарга өзгөчө көңүл буруу керек. Бала төрөгөнгө чейин жана төрөт учурунда спирт ичимдиктерин ичүү анын ичинде ар кандай оорулардын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн болгондуктан, коомдук жүрүм-турум жана билим алуу жөндөмүндө көйгөйлөр пайда болот. Ошондой эле эненин физикалык жана психологиялык абалына терс таасирин тийгизет.

ДССУ аялдардын ичкиликтен толук баш тартуусу эң жакшы вариант болот деген бүтүмгө келген.

edita