SerepTV Logo

Донецктин борборуна снаряд атылып, 5 адам набыт болду (видео)

Донецктин борборуна снаряд атылып, 5 адам набыт болду (видео)
Украина Донецктин борборунда жайгашкан "Донбасс Палас" мейманканасы, драмалык театр жана башка имараттарга снаряд атып, 5 адам набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, драмалык театрда милициянын полковниги Ольга Качуранын коштошуу зыйнаты болмок. Ал имаратка кеминде эки снаряд түшкөнү айтылат. Жардыруудан 5 жашоочу набыт болуп, 6 адам жабыркаган. Каза болгондордун арасында 1 аял кичинекей баласы менен болгон.
 
info