SerepTV Logo

Дональд Трамптын мурунку жубайы көз жумду

Дональд Трамптын мурунку жубайы көз жумду
Ивана Трамп жүрөк оорусунан улам 73 жашында каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыкты. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын биринчи жубайы, эң улуу үч баласынын энеси Ивана Трамп 73 жашында каза болду.  "Мен аны жакшы көргөндөрдүн бардыгына Ивана Трамптын Нью-Йорктогу үйүндө каза болгонун айтуу оор болуп жатат", - деп жазган Дональд Трамп өзүнүн социалдык платформасындагы билдирүүсүндө. 1949-жылы туулган Ивана Зельничкова 1977-жылы Дональд Трампка турмушка чыгып, 1992-жылы ажырашып кеткен. Бул никеде эки уул, бир кыз төрөлгөн. Ал лыжа боюнча инструктор, кийим дизайнери, курулуш жаатында ишкер, модель болуп иштеген жана бир нече китептерди жазган.
edita