Актёр Жин Хэкмендин жана аялынын жансыз денеси өз үйүндө табылды
Бүгүн, 27-февралда эки жолку "Оскар" сыйлыгынын ээси, актер жана жазуучу Жин Хэкмен менен анын жубайы пианист Бетси Аракавенин жансыз денеси Санта-Федеги үйүнөн табылды.
Жубайлар менен алардын ити да өлгөн абалда табылган. Полиция кылмыштын изин тапкан жок. Хэкмен 95 жашта болсо, аялы 63 жашта болчу.
Санта-Фе шерифинин кеңсеси алардын денелеринде зордук-зомбулуктун издери табылган жок деп билдирип: "Биз кылмыш жөнүндө сөз болуп жатат деп ойлобойбуз. Бирок азырынча өлүмдүн так себеби аныктала элек", - деди. Ага карабай, бул факты боюнча тергөө иштери башталды.
Хэкмендин эки "Оскар", бир "Бафта", төрт "Алтын глобус" жана АКШнын актерлор Гильдиясынын сыйлыгы бар.