Коронавирустун симптомдору мурдагыдай болбой калды... Анда азыр кандай?
Лондон шаарындагы Падышалык колледжинин изилдөөчүлөрү COVID-19дун жалпы белгилери өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин эскертишет. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды.
Маалыматта жазылгандай, коронавирустун мутациясы баш оору, мурдунан суу агуу жана тамак ооруну инфекциянын эң көп кездешкен белгилерине айлантты. Генетикалык эпидемиологиянын профессору Тим Спектор SARS-CoV-2 вирусунун "индиялык варианты" кадимки эле сасык тумоо катары болот дейт. Мындан улам, ушул сыяктуу белгилери бар адамдар коронавирустун андан ары жайылбоосу үчүн сөзсүз текшерүүдөн өтүшү керек. "Адам өзү аңдай бербейт. Мага суук эле тийип калды деп ойлоп, башкаларга жуктуруп жүрө берет. Биз инфекциянын башкы симптомдорун изилдеп жатабыз. Азыркы белгилер мурдагыдай болбой калган", - дейт профессор.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 оорусунун негизги белгилерине кургак жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү жана алсыроону кошкон.