SerepTV Logo

COVID-19 пандемиясынын экинчи жылы көбүрөөк өлүмгө алып келиши мүмкүн

COVID-19 пандемиясынын экинчи жылы көбүрөөк өлүмгө алып келиши мүмкүн
COVID-19 пандемиясынын экинчи жылы көбүрөөк өлүмгө алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазышты. "COVID-19 буга чейин  3,3 миллион адамдын өмүрүн кыйган. Биз пандемиянын экинчи жылына кадам таштадык, бул биринчи жылга караганда көбүрөөк өлүмгө алып келиши мүмкүн. Адамдарды жана үй-бүлөлөрдү сактап калуунун бирден-бир жолу - эмдөөлөрдү жана коомдук саламаттыкты сактоо чараларын айкалыштыруу жана дарыгерлердин уруксатысыз өзүнчө колдонбогула", - деди ДССУнун башкы директору пресс-конференцияда. ДССУ вакцинациянын өзү эле вирустун жайылышын 100 пайыз айыктыра албастыгын баса белгилейт. Анткени эмделген адамдар дагы ооруп калышы мүмкүн, бирок вирустун анча оор эмес түрү менен.  Чектөөлөрдү алып салуу же бет кап режимин жокко чыгаруу чечими өлкөдө эмделген адамдардын санына эмес, COVID-19 таралышынын деңгээлине негизделиши керек.
Unknown Author