Чилидеги ири өрттөн 131 адам каза болуп, 300 киши дайынсыз болуп жатат
Чилидеги ири өрттөн 131 адам каза болуп, 300 киши дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Винья-дель-Марв шаарынын башчысы Макарена Рипамонти дайынсыз жоголгондордун тизмесине 300 киши киргенин, соттук-медициналык экспертиза борборунда 35 адамдын аты-жөнү такталганын билдирди. Чилиде миңдеген жарандар өрт болгон аймактагы жарандарга жардам чогултуп жатышат.