SerepTV Logo

"Бул эмне деген сыйлабастык". Казакстанда концерт берген Моргенштерн тепкиге калды

"Бул эмне деген сыйлабастык". Казакстанда концерт берген Моргенштерн тепкиге калды

Белгилүү орусиялык рэпер Алишер Моргенштерндин жакында Алматыда өткөн концертинен бир топ видеолор интернетке жүктөлдү. Бирок анын шоудагы жүрүм-туруму күйөрмандарынын арасында да көптөгөн суроолорду жаратууда.

Рэпердин концерти 7-октябрда Алматыдагы түнкү клубдардын биринде өттү. Социалдык тармактарда артисттин аткаруусундагы видео жана сүрөттөр тарап жатат. Кадрларга караганда, чектен чыккан рэпер сахнага мас абалында чыгып, иш-чаранын аягында ал бутуна турбай калган.

"Чыгармачыл инсандарды түшүнүүгө болбойт", "Бул эмне деген сыйлабастык", "Мына көрүүчүгө болгон урмат!", "Чарчады, эс алуу үчүн жатты" деп сындашты күйөрмандар.

@dianatashiНа одной сцене?? ♬ Yung Hefner - MORGENSHTERN
edita