SerepTV Logo

Бразилиядагы масштабдуу селден каза болгондордун саны 60 кишиге жетти

Бразилиядагы масштабдуу селден каза болгондордун саны 60 кишиге жетти
Бразилиянын түштүгүндө нөшөрлүү жаандан улам жүргөн масштабдуу селден каза болгондордун саны 60 кишиге жетип, 100дөн ашуун адамдын дайыны белгисиз болуп жатат. Селдин кесепетинен улам 155тей киши жаракат алып, 80 миңден ашуун адам үйүн таштоого мажбур болгон. Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, мындай катуу сел алуу өлкөнүн тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Эксперттер дагы үч күндөй дарыяларда суунун деңгээли жогору болгонун айтышууда.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="240473,240474,240475,240476"]
info