SerepTV Logo

Бразилияда автобус менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 38 адам каза болду

Бразилияда автобус менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 38 адам каза болду

Бразилияда жүргүнчү ташыган автобус менен жүк ташуучу унаанын кагылышынан 38 адам каза болгонун CNN жазды.

Бразилиянын түштүк-чыгышындагы Минас-Жерайс штатында ишемби күнү таңга маал трассада жүргүнчү ташыган автобус менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Окуя болгон жерге барган Минас-Жерайс өрт кызматы 13 кишинин Теофилоу-Отони шаарына жакын жердеги ооруканаларга жеткирилгенин билдирди. Маалыматка ылайык, автобус Сан-Паулу шаарынан чыккан. Ичинде 45 жүргүнчү болгон.

Күбөлөр куткаруучуларга автобустун дөңгөлөгү жарылып, айдоочу рулду башкара албай, жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөнүн айтышкан.

edita