Блогер Хасбиктин сөлөкөтү түшүрүлгөн куурчак Мадам Тюссо музейине коюлду
Белгилүү орусиялык блогер Хасбиктин сөлөкөтү түшүрүлгөн оюнчук Лондондогу Мадам Тюссо музейине коюлду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Орусиялык блогердин күйөрманы, блогер Лиам Бедфорд кумиринин сүрөтүн 3D-принтерден чыгарып, куурчак жасап, музейге мыйзамсыз алып кирген. Ал куурчакты баштыгына кийим-кечелерине ороп салып, кароолчудан өтүп кеткен да, Хасбиктин сөлөкөтүн падышалык үй-бүлөгө жакын жерге койгон. Музейдин коноктору жаңы экспонаттын жанына сүрөткө түшүп, эл чогулуп калганда блогер Хасбикти кайра баштыгына салып алган. Жалпысынан Хасбиктин сөлөкөтү түшүрүлгөн куурчак жарым саат музейде турган.
Белгилей кетсек, Хасбик деп белгилүү болгон орусиялык блогер, тик-токер Хасбулла Магомедовдун бою 93 сантиметр. Өзгөчө келбети менен көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан блогер социалдык тармактарда активдүү иш алып барган блогер.